Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди
Катардын борбору Доха шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги 38-сессиясында Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу 22-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков маалымдады.
Анын айтымында, ЮНЕСКОнун кароосуна Чүй өрөөнүндөгү Улуу Жибек Жолунун тутумунда жаткан байыркы шаарлар Суяб, Баласагын, Невакет сунушталган. Булар боюнча ЮНЕСКО талап кылган бардык тиешелүү документтер, тарыхый маалыматтар, археологиялык табылгалар боюнча илимий иштердин жыйынтыктары тапшырылган.
Белгилей кетсек, буга чейин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Ош шаарындагы Сулайман тоо киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















