Кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров бүгүн Мексика-Хорватия беттешинде кызмат алат
Бахадыр Кочкаров Эквадор-Швейцария беттешинин алдында. Анын оң жагында Эквадордун капитаны Антонио Валенсиа, сол жагында Швейцариянын капитаны Гөкхан Инлер өз командаларын баштап чыгып келе жатышат.

Бүгүн, 23-июндан 24-июнга караган түнү Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-тур оюндары старт алат. Анда орун алчу Хорватия-Мексика беттешинде кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров кызмат алат. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул беттеште башкы калыстын милдетин өзбекстандык калыс Равшан Ирматов аркалайт. Ага капталдардан Абдухамидулло Расулов (Өзбекстан) менен Бахадыр Кочкаров (Кыргызстан) жардам берет. Беттеш Бишкек сааты боюнча 02:00дө старт алат.
Кошумчалай кетсек, 20-ирет уюшулуп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Р.Ирматовдун бригадасы экинчи ирет калыстык милдетти аркалоо мүмкүнчүлүгүн алып жатат. Буга чейин алар Эквадор – Швейцария беттешин тейлешкен. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:49
2025-08-09
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.