Кызыл-Кыяда "мэрдин атынан кол коюп, жасалма кызматтык дайындоону уюштурган" деп шектелген жаранга кылмыш иши козголду
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси "мэрдин атынан кол коюп, жасалма кызматтык дайындоону уюштурган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июлда маалымдады.
Маалыматтарга караганда, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында аппарат жетекчиси болуп эмгектенген Тойчиев Мирлан Т.А. аттуу жаранды Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору кылып дайындоо боюнча КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуш жөнөтүп, ага мэрдин атынан өзү кол коюп койгон.
Жыйынтыгында аталган Т.А. аттуу жаран Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору болуп дайындалган. Бул факты кийин Баткен ОИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ачыкталып, учурда кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















