Токтогул районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркады
|
Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-июлда билдирди. Маалыматтарга караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 285-чакырымында, тактап айтканда, Токтогул районунун Комсомол айылында Ман жүк ташуучу унаасы менен Фольксваген Гольф 2 жеңил унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын айынан жеңил унаадагы 4 адам, анын ичинде 2 жаштагы наристе да ар түрдүү жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилишкен. |
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















