super.kg logo
  Саясат  

Жириновский Кыргызстанды Орусияга кошуп алуу тууралуу дагы бир билдирүү жасады

 

Орусиялык депутат Владимир Жириновский Кыргызстан тууралуу дагы бир талкуу жарата турган билдирүү жасады. Мамлекеттик Думанын жыйындарынын биринде депутат “Кыргызстанда өлкөсүнүн Орусиянын курамына кошулушун каалаган саясий күчтөр бар” деп билдирди. Кремль Кыргызстан менен жакшы иштешпей жатканын айткан Жириновский:

“Орусияга калктын бир агымы Кыргызстандан келет, бирок биз начар иштеп жатабыз. Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоодо Бажы биримдигине кирүү жөнүндө гана эмес, өлкөсүнүн Орусиянын курамына кошулушун талкууга алып чыга турган саясий күчтөр бар. Омск же Ростов сыяктуу жөнөкөй облус эмес, мүмкүн, кандайдыр бир кошумча укуктарды берүү менен...”- дейт.

Саясатчы убагында кыргыз менен казакты экиге бөлүү туура эмес болгонун айтат. “Кыргызстан менен Казакстанды өз-өзүнчө бөлүүдө москвалык чиновниктер эмнени көздөгөнүн түшүнбөйм. Булар бир эл. Бир тил, бир маданият. Кайсы бир мезгилде буларды кыргыздар деп эле аташчу. Алар бизге баарынан жакшы мамиле кылышат. Булардын тарыхы Красноярск крайынын түштүгүн көздөй кетет. Мына, Хакасия, булар ошол жерде калып калган кыргыздар”,- дейт депутат. 






Жириновский: "Мигранттар Казакстандан эмес, Кыргызстандан көп" (20.06.2014.)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: