Нарын. 2012-жылы дайынсыз жоголгон 90 жаран табылган
2012-жылы облус боюнча жалпы 157 кылмышка шектүү жаран издөөдө болсо, анын 124ү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, көмүскөдө жасалган кылмыштар боюнча өндүрүштө турган 317 кылмыш ишинин 297синин алдын ала тергөөсү аяктаган. Мындан сырткары алынган оперативдик маалыматтардын негизинде 169 кылмыштын бети ачылган. Ал эми облуста жалпы 113 дайынсыз жоголгон жарандардын ичинен 90 жаран табылган.
2012-жылы баңгизатына байланышкан 16 кылмыш иши аныкталып, 322 килограмм баңгизаты алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

