Жылнаама, 23-июль: Мындан 5 жыл мурун Курманбек Бакиев экинчи ирет президент болуп шайланган
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев экинчи ирет президент болуп шайланган. Бир нече талапкердин ичинен кыргыз эли президент катары Курманбек Бакиевди тандап алган. Экинчи мөөнөтүн өтөөгө киришкен президент 2-августта Өкмөт үйүнүн чоң залында кыргыз эли үчүн ак кызматын өтөөрү туурасында ант берген. 2010-жылы 7-15-апрель күндөрү өлкөдө орун алган ыңкылаптан кийин Беларусь мамлекетинен баш паанек алып, КРнын аймагынан чыгып кеткен.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы деңиз желмогуздары тууралуу уламыш тастыкталган. Тасман аралдарынын жээктеринен салмагы 250 килограмм, тинтүүрлөрүнүн узундугу 15 метрге жеткен кальмардын денеси табылган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы британиялык белгилүү ырчы Эми Уайнхаус 27 жашында өз үйүндө алкоголдук ичимдикке ууланып каза болгон.23-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Аккан сууда арам жок, иче бергиле чалчык суудан. Илгери ата-бабаларыбыз газ, свет жок эле жашап келген, чырылдабай жашай бергиле. Илгери көпүрөсүз суу кечип өтүп келишкен, көпүрөсүз өтө бергиле. Буга чейин орустарга көзкаранды болгонбуз эч нерсе эмес ТСга кирип кыйналып жашай беребиз. Билесиңер да бул ким айта турган сөз экенин?!
Азыр кымбатчылык дейсинер, андан бери канча убакыт отту, инфляция, дуйнолук рынокто баалар осуудо. Баалар Бакиевден же Атамбаевден коз каранды эмес. Бул жакта Бакиевди мактап жаткандар, эч нерсе билбей, тушунбойт экенсинер.
Бакиевдин убагында М.Садыркуловдун олумун унуттунарбы?
Тарых таразалайт, Бакиев эн жаман башчы болгон!