super.kg logo
  Саясат  

Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов Бишкектеги Жаш Гвардия бульварына көчө жарыктарын орнотту

 

Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу  Атай Садыбакасов өз демилгеси менен Бишкектеги Жаш гвардия бульварына, тактап айтканда, бульвардын Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүнө көчө жарыктарын орнотту. Бул тууралуу Атай өзүнүн интернет баракчасында жарыялады. “Эки катар болуп орнотулган жарыктарга жалпысынан 40 миң сом сарпталды. Булардын баары биригип бир электр чайнегине же сыналгыга кеткен энергия эле керектелет. Жаңы жылдык кооздоолорго өкмөт 4 миллион сомдон ашык коротту. Ошол каражатты көчө жарыктарына жумшаса болмок”,-дейт ал. Көчө жарыктары “Бишкексвет” ишканасынын уруксаты менен коюлганын кошумчалайт. Эске сала кетсек, Атай Садыбакасаов 2012-жылдын декабрь айында ушул эле бульвардагы Баатырлар аллеясына жарыктарды орнотуп, кечээ жакында мэрия алардын архитектуралык талаптарга жооп бербей орнотулганын айтып, башка жакка көчүрүү сунушун айткан. Буга экс-президенттин уулу макулдугун берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: