Нарын. 2012-жылы облуста "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү катары 25 адам каттоого алынды
2012-жылы Нарын облусунда «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүн жана колдоочулары деп эсептелген 25 адам каттоого алынды. Каттоого алынган 25 адамдын ичинен 16 адам Нарын шаарында, 8 адам Ат-Башы районунда жана 1 адам Кочкор районунда жашай тургандыгы белгилүү болду. Жыл ичинде диний экстремизмди алдын алуу максатында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунда жана Нарын шаарында тегерек столдор өткөрүлүп жатканын билдирет Нарын ОИИБи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

