ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитети Соцфонддун 2013-жылга бюджетин бекитти
ЖКнын Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 21-январда “Социалдык фонддун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун бекитип берди. Социалдык фонддун жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул долбоор аталган комитеттин мурдагы жыйынында да каралып, анда бюджет тартыштыгын жабуучу булактарды табуу тапшырмасы менен кайтарылып берилген. “Өкмөт менен биргеликте биз бюджеттин тартыштыгын жаба турган каражат булактарын таптык”,- деди Абылгазиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

