super.kg logo
  Саясат  

Талас. Мушташта катуу токмоктолгон 2 мектеп окуучусу оор абалда ооруканага жеткирилген

 

Талас районундагы Кырк-Казык, Таш-Арык жана Ак-Жар айылдарынын 1993-жылы туулган 20дай бала 4-январда ушул эле айылдын 9-10-класстарынын 10дой окуучусун токмоктошкон. Натыйжада Эшмамбет орто мектебинин 9-классынын окуучусу  Рыскелди Беккул уулу жана 10-класстын окуучусу Жанжигит Малабек уулу катуу ур-тепкиден жана “электрошок” менен урулгандыктан, оор абалда ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулар облустук ооруканада 10 күндөй дарыланып чыгышып, кылмышка шектүү Ак-Жар айылынын тургундарына Талас РИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен "адам денесине оор зыян келтирүү" беренеси боюнча айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, өлкөдөн сыртка чыкпоо чечими чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: