super.kg logo
  Саясат  

Израиль элчилиги өлкөнүн желегин айрыгандыгы үчүн Турсунбай Бакир уулун жоопкерчиликке тартууну талап кылууда

 

Израилдин Кыргызстан жана Казакстандагы элчиси Эли Тасман өлкөнүн желегин айрыгандыгы үчүн депутат Турсунбай Бакир уулун жоопкерчиликке тартууну талап кылып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта чет элдик маалымат булактары элчиликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты. 

Элчилик депутаттын бул кылыгы биринчи ирет эмес экенин айтып, КРнын мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Ал эми министрликтин басма сөз кызматы менен байланышканыбызда учурда мекемеге мындай нота келбегендигин билдирди.

Эскерте кетсек, Турсунбай Бакир уулу 4-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Израилдин желегин кагаздын ордуна дааратканага гана колдонууга болот" деп мамлекеттин желегин айрып салган жана аны жыйынга катышып жаткандарга ажатканага колдонууга бөлүп берген. 






Т.Бакир уулу Израилдин желегин пресс-конференцияда айрыды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: