super.kg logo
  Саясат  

Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов медициналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо борборунда иш сапары менен болду

 
Бүгүн, 21-январда КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов бир нече райондор аралык медициналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо борборунда иш сапары менен болду. Иш сапардын алкагында аталган тармакта эмгектенген кызматкерлер министрге кайрылышып, көйгөйлөрүн, айлык-маяналарынын аздыгын, буга байланыштуу кызматкерлер көп алмаша тургандыгын айтышты. Мындан сырткары жумуштун сапатын жакшыртуу үчүн заманбап техникалар керек болуп жатканын, ошондой эле бул борбордо нормативдик-укуктук база толук эмес экендигин айтышып, жардам сурашты. Министр Кылычбек Султанов аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын билдирди.     





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: