Жылнаама, 10-август: Мындан 11 жыл мурун адамзаттын тарыхында биринчи жолу космосто үйлөнүү той өткөрүлгөн
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы саат 11:30 чамасында Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда ири автокырсык болуп, үйлөнүү үлпөтүндөгү кортежде жогорку ылдамдыкта келе жаткан унаалардын бири жол четинде турган 5 журналистти жана 2 жергиликтүү тургунду сүзүп кетишкен. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, тийиштүү жардам көрсөтүлгөн.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы орусиялык космонавт Юрий Маленченко менен орус улутундагы АКШнын жараны Екатерина Дмитриева үйлөнүү аземин космосто өткөрүшкөн. Бул адамзатынын тарыхындагы эң алгачкы «космостук үйлөнүү» деп саналган.
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы Голливудда болуп көрбөгөндөй атакка ээ болгон алгачкы испаниялык актёр Антонио Бандерас туулган.
* Мындан 80 жыл мурун, 1934-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын Ден соолукту чыңдоо жана дарылоо бирикмесинин башкы врачынын орун басары, медицина илиминин кандидаты, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери Асан Жайлообаев жарыкка келген. 10-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жаңы саны эртең саат 9:00дө жарыяланат.