Турсунбай Бакир уулу ишкерлерди Кыргызстанда өтүүчү бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугуна колдоо көрсөтүүгө чакырды
КРнын Бильярд федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 13-августтагы маалымат жыйынында "Кыргызстан бильярд спорту боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат" деп билдирди.
Ал Кыргызстандын алдында Орусия, Украина, Беларусь жана Казакстан мамлекеттери турарын айтты. "Бильярдчы Кубанычбек Сагындыков Казакстан үчүн ойноп калды. Аларга медаль утуп бергендиктен, Казакстандын рейтинги да жогору турат",- деди ал.
Быйыл Кыргызстанда бильярддын "Кураштырма пирамида" түрү боюнча эки чемпиондук орун алат. Ысык-Көлдө 23-августта 18 жашка чейинкилер арасында чемпиондук башталса, 27-31-август күндөрү уландар арасында оюндар өтөт.
Турсунбай Бакир уулу каржы жактан колдоо керектигин айтып: "Турнир өткөрүп жаткан уюм катышуучулардын жолун, тамак-ашын жана жашаган жерин төлөп берет. Биз ишкерлерди колдоо көрсөтүүгө чакырабыз",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:49
2025-08-09
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
edu.kg

13.08.2014. 12:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм мунунуз башка геп агасы..
ayakosya

14.08.2014. 02:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы демилге пиары менен)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.