Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 5 тажик жараны жабыркап, 2 адам каза тапканы айтылууда
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 5 тажик жараны жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта чет элдик маалымат каражаттары Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Анда тажик чек арачылары биринчи ок чыгарышпаганы айтылат.
Ал эми айрым маалыматтарга караганда, жабыркагандардан тышкары 2 тажик жараны каза тапканы айтылат.
“Тажик тараптан канча адам жараат алганы азырынча белгисиз. Айрымдар 2 адам каза тапканын айтышууда. Бирок ага ишенүү кыйын”,- деди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков.
Эске сала кетсек, кечээ, 25-август күнү Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Провокация жарата турган билдирүүлөргө жол берилбейт.
Улуттар аралык талаш, түшүнбөстүк жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.