Токмокто тургундар "экологияга зыян" деп мунай заводунун ишин токтотууну талап кылышууда
Токмокто мунайды кайра иштетүүчү заводдун жабылышын талап кылып 40тай адам нааразычылык иш-чарасына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына митингге катышып жаткан "Чоролор" тобунун лидери Замирбек Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, завод экологияга зыян келтирип жатат. Эгерде 15-сентябрга чейин заводду жаптыруу боюнча талаптары аткарылбаса, радикалдуу кадамдарга барышарын айтышууда.
Токмок мэри Жанузак Сатыбалдиев чогулган эл менен жолугушуп, талаптарын өкмөткө жеткирүүгө убада кылганын кошумчалады.
Заводду Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районунун "Мунай-химия" корпорациясы салган. Бирок завод ишке кире элек.
Токмоктогу митинг
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















