Шаардык сот №1-СИЗОнун мурунку башчысы Марс Жусупбековдун иши боюнча райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калтырды
Бүгүн, 3-сентябрда Бишкек шаардык соту №1-СИЗОнун мурунку башчысы Марс Жусупбековдун ишин карады. Анда соттук коллегия Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чыгарган чечимин өзгөрүүсүз калтырды.
Буга чейин май айында Октябрь райондук соту Марс Жусупбековду 4 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучунун жактоочусу райондук соттун чыгарган чечимин кайра кароо өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган.
Айта кетсек, М.Жусупбеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан" деп айыпталган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















