super.kg logo
  Саясат  

Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 61,8 миң долларлык медициналык жабдууларды берет

 

Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 61,8 миң долларлык медициналык жабдууларды берет. Тиешелүү келишимге эки тараптуу кол коюлганын 23-январда аталган элчиликтен маалымдашты. Тактап айканда, “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” долбоорунун алкагында түзүлгөн келишимге Япониянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ясумаса Иидзима жана Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын жетекчиси Зикир Шалтаков кол койгон. ”Бюджеттин тартыш учурунда Япония элчилиги тарабынан берилген жардам зор колдоо. Бул жаратылышы, шарты татаал  райондун  жашоочуларынын саламаттыгы үчүн зарыл”,- деди Шалтаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: