Аксы районунда 3 уйду уурдап, мал базарга алып бара жаткан жеринен эки айым кармалды (фото)
Аксы районунда мал уурулук боюнча шектелип 2 айым кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү милиция кызматкерлерине мал уурулук фактысы боюнча оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургунуна таандык Хундай Портер унаасы токтотулган. Унаанын ичинде 3 уй болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уйлар Аксы районунун Авлетим айылынан уурдалып келе жатканы маалым болгон. Ошол жерден кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Аида Орозбаева жана Жыргал Төрөбекова кармалган. Алардын айтымдарында, уурдалган уйларды Токтогул районунун Өзгөрүш айылына алып барып сатышмак.
Учурда уйлар ээлерине кайтарылып берилди.
-1

Супер-Инфо
super.kg видео


















Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.