Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыз-келиндер арасында тогуз коргоол боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстан кез келет
Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алууда. Анда тогуз коргоол боюнча мелдеште дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн оюнчулар катышып жатат.
Кыз-келиндер арасында тогуз коргоол боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстан кез келет. Ал эми 3-орун үчүн Алтай менен Кыргызстандын экинчи курамасы күч сынашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты жарыялады.
Мелдештин жыйынтыгында 5-орунду Орусия, 6-орунду Швеция, 7-орунду АКШ, 8-орунду Өзбекстан, 9-орунду Германия жана акыркы орунду Монголия ээледи.
Тогуз коргоол боюнча мелдештин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт. Анын ичинен жекелик эсепте кыз-келиндер жана уландар арасындагы жеңүүчүлөргө 150 миң сомдон каралган. Калган 700 миң сом командалык эсеп боюнча берилет. 1-орунга 400 миң сом (кыз-келиндер жана уландар арасында 200 миң сомдон), 2-орунга 200 миң сом (100 миң сомдон) жана 3-орунга 100 миң сом (50 миң сомдон).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:49
2025-08-09
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
faha

12.09.2014. 16:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baygeler azyraak eken
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.