Жылнаама, 21-сентябрь: Мындан 9 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 38 жашында киши колдуу болуп каза болгон
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнүн белгилөө башталган. Бул дата Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 1981-жылдын 30-ноябрында өткөн 36-сессиясында кабыл алынган. Башкы ассамблея бул күнү дүйнө жүзүндөгү зордук-зомбулук менен ок атышууну токтотууга чакырат. Ар жылы 21-сентябрь күнү Тынчтык коңгуроосу кагылып, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы кайрылуу жасайт.
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 38 жашында киши колдуу болуп каза тапкан. Түнкү саат он чамасында депутат үйүнө кайтып келе жаткан маалда белгисиз адам аны Макаров тапанчасы менен атып, оор жаракат алган депутат ооруканага жетпей жан берген. Б.Эркинбаев №16-Кадамжай шайлоо округунан парламентке шайланып, бир эле маалда Улуттук Олимпиада комитетин башкарып келген.
* Мындан 76 жыл мурун, 1938-жылы КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы Полиграфия институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына артист болуп кирген. Театрда иштеген 30 жылдык өмүрүндө чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Шамшиев, Океев, Базаров, Убукеевдер тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган. 1990-жылы "Туңгуч" жаштар театрын ачкан. * Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы Орусия президенти Борис Ельцин Жогорку Кеңешти таратуу жарлыгына кол койгон. Бул маселе чырга айланып, Ак үй танк менен аткылоого алынып, андагы депутаттар күч колдонуу менен кууп чыгарылган.
21-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?article=15401