Өкмөттүк комиссиялар кышка даярдык боюнча облустарды кыдырып жүрүшөт
Өкмөттүк комиссия кышка даярдык көрүү боюнча учурда Жалал-Абад облусун кыдырып жүрөт. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, өлкө аймактарынын кышка даярдыгын текшерүү үчүн бир нече комиссия түзүлгөн. Жалал-Абад облусу боюнча комиссияны энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жетектеп, анын курамында айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев бар. Комиссия 21-сентябрда Токтогул району менен Кара-Көл шаарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Чодуевдин айтымында, райондо тоют маселеси канааттандырарлык. Комиссия 22-сентябрда Таш-Көмүр шаарын кыдырып жүрөт. Андан соң сапарын Аксы, Ала-Бука жана Майлуу-Суу шаарларынан улантат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















