Жалал-Абаддагы Жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси көп суммадагы акчаны кызматынан пайдаланып уурдагандыгы аныкталды
Жалал-Абаддагы Жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, ири суммадагы акча уурдагандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Алынган маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аталган мекемесинин жетекчилиги 2013-жылы жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, расмий документтерди жасоо аркылуу республикалык бюджеттен 2 миллион сомго жакын акчаны мыйзамсыз түрдө өздөрүнө чегерип алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















