super.kg logo

Атай Өмүрзаков, бийчи: “Германиядагы долбоордун тарыхында тандоо турунан түз финалга өткөн алгачкы катышуучулар биз болдук” (блиц-маек)

 

Бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан турган “Тумар КР” бий тобу менен бирге Германияда өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагында финалга чыкты. Калыстар тобун таң калтырган таланттуу бийчилердин башында турган Атай SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берди. 

- Атай, Германиядагы силер катышкан “Das Supertalent-2014” долбоору 27-сентябрь күнү көрсөтүлдү. Силердин талантыңарга, калыстардын таң калып, силерди тандоо турунан түз эле финалга жөнөткөнүнө орток болдук. Телесынак качан, кайда болду?

- Бул телесынактын тартуу иштери август айында Германияда болгон. Ал эми теле аркылуу 27-сентябрда гана көрсөтүлдү. Биз финалга жолдомо алганыбызды август айында эле билгенбиз. Бирок теледен берүү кеткенге чейин ал маалыматты таратуу укугуна ээ эмес болчубуз. Жалпысынан бул долбоорго катышкандардын саны 46 000ге жетиптир.    

- Дүйнөнү кыдырып, бий өнөрү менен Кыргызстанды таанытып жүрөсүңөр. Бул долбоорго кандайча катышып калдыңар?

- Уюштуруучулар мени интернеттен таап, видеолорумду көрүп, анан чакырышкан. Мен өзүм жалгыз катышкым келбей, окуучуларымдан түзүлгөн “Тумар КР” тобунун видеолорун жөнөткөм. Алар абдан жактырып, чогуу баруубузга макул болушту. Ошентип, экинчи жолу “Тумар КР” менен биргеликте бир программа даярдап, бир сахнага чогуу чыгып жатабыз. Буга чейин Москва шаарында “Даңк мүнөтү” долбоорунда чогуу катышканбыз.  

- 4 калыс алгач силердин бийге таң калып, анан ордуларынан туруп кол чабышты. Анан финалга чыгууңарды жапырт колдоп беришти. Алардын бул кадамы күтүүсүз болсо керек...  

- Долбоордун тарыхында биринчи жолу ушундай көрүнүш болуп жатыптыр. Биз тандоо турунан түз эле финалга өткөн биринчи команда болдук. Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү сары баскычты басканда катышуучу түз эле финалга өтүп кетет экен. Ошентип, бизди жарым финалга катыштырбай туруп финалга жолдомо беришти. Ошондой эле сынакты ушул баскычында эле токтотуп, байгеге коюлган 100 000 еврону бизге берүү тууралуу да сөздөр болуп жатты.   

- Сахнага чыкканда кыргызча сүйлөдүңүз. Көптөр муну колдосо, айрымдар "англисче же орусча сүйлөсө болмок" деп талкуулашууда. Уюштуруучулар кыргызча сүйлөгөнүңүз боюнча кандай пикир айтышты?

- Сахнанын артында бизди англисче куттуктап, ийгилик каалап жатышты. Сахнага чыкканда орусча сүйлөгүм келген жок. Ага чейин уюштуруучулар англис тилинде сүйлөшүм керек экенин айтып жатышкан. Сындагандардан качып кутулуу мүмкүн эмес болчу. Башка тилде сүйлөгөн күндө дагы "Эмнеге англисче сүйлөп жатат?", "Эмнеге орусча сүйлөп жатат?" деп талкуулагандар болмок. Жалпысынан сахнада кыргызча сүйлөп туура кылдым деп ойлойм.   

- Финал декабрь айында болот экен. Финалга кайсы өлкөдө даярданасыңар?

- Украинага барып даярданабыз, буюрса. Ал жакта тааныштар бар. Кыргызстанда даярданганда көп нерсени ишке ашыра албайбыз. Бизге ошол жакта даярданган жеңилирээк болот. Буюрса, декабрь айына чейин катуу даярданабыз.   

- Финалга кандай программа даярдап жатасыңар?

- Азырынча философиялык идея менен номер даярдоону ойлоп жүрөбүз. Балким, “Мен Франкенштейн” тасмасынын башкы каарманынын образында бий даярдайбыз. Биринчи турда биз “Электро оркестр” деген аталыштагы жөнөкөй эле бий менен чыктык, мааниси деле жок болчу. Эми финалда өзгөчө мааниси бар бий даярдасакпы деп турабыз. 





Атай жана "Тумар" бий тобу / Германия / 28.09.14

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 30 
Комментарийлер(60)
Медиа-портал
29.09.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamatsynar
Медиа-портал
29.09.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
молодец Атай кайсыл жерде болсо Кыргыз экенини унутпай кыргыз тилинде суйлоп журо бер. биз Ош сени колдойбуз Алгаааа. Ийгилик. ден сооолук. узуун омур.
Медиа-портал
29.09.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жонокойлугунон жазба.
Медиа-портал
29.09.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар.Талантынар оркундой берсин.
Медиа-портал
29.09.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн соонун!Азаматсынар!Кыргызстандын желегин желбиретип, кыргыздарды,кыргыз тилин дуйно элдерине таанытып журо бергиле!Ушундайынардан жазбай элдин патриотторунан болгула!
Медиа-портал
29.09.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Коруб жатыб ыйлаб жибердим жигитер ийгилик сиздерге
Медиа-портал
29.09.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
соз жок азаматтар...
Медиа-портал
29.09.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото ото сонун болуптур.Талантынар ташты да жара турган болду.Молодцы! Коп жашагыла!
Медиа-портал
29.09.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз тили алга.
Медиа-портал
29.09.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сөз жок, сүйүнгөнүмөн ыйлап да жибердим. Азаматтар!
29.09.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ото жакшы бийлепсинер женишинер менен куттуктайм!!
29.09.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн жакшы коруп алып кубанып кеттим алга Кыргызстан
29.09.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсынар жигиттер!кичинекей кыргызстандын желегин желбиретип журо бергиле,биздин ушундай патриот жигиттерибизди чиновниктер колдоп койсо сонун болмок.дагы да ийгиликтер боло берсин,кудай колдосун силерди.
29.09.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматтар!
29.09.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай к0лдосун!
Медиа-портал
29.09.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атай АЗАМАТСЫҢ!Бизди эле эмес немистерди да ыйлаттын го. Калыстар не деп суйлоду которуп койгулачы сураныч!
Медиа-портал
29.09.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок азаматсынар балдар жашып кеттим Алга KG
Медиа-портал
29.09.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Кыргыз, алга Атай!!!
29.09.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
en mykty salamatsyzdarby degende suiunduk,,, alga iiigilik
29.09.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ото жакшы бий корсоткосунор учун финалга оттунор, Сахнада КЫРГЫЗча суйлоп рас кылдында. Кандай кундода кыргызсында. Эх биздин бийлик колдоо корсотсо мындан да жакшы онукмок.
29.09.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эне тилди дуйнодо жузундо колдогонун ! Бул "Данк"!!Ийгиликтер!!!! Алга Кыргыз!
29.09.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура кылдынар орусча суйлобой. Орустар улутчулдук кылып тен сынбай койгон бир конкурста. Орустар уюштурган конкурска барбай деле коюуш керек. Аяктан бербеген байгени Чехиядан алып келди Атай баракелде
Медиа-портал
29.09.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга ен жакшы
Медиа-портал
29.09.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көзүм жашылданып, мен кошо тура калып кол чаап, кыйкырып, жыргагым келип кетти. Жумушта, жанымда башка кесиптештерим отурган үчүн өзүмдү араң кармадым. Супер! Сөз жок! Алдыда дагы ийгиликтер күтүп турган болсун!
29.09.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
энн соонун Атай эми мен декабрьга чейин силердин женишинерди гана тилейм жаратканымдан!
29.09.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
en soonun bul atai chehiadan algandan kiyin germaniadan alat degen umuttobuz chehidan ozu jalgyz algan bul konkursta 4 eken biz alat degen umuttobuz kutobuz iygilik!
29.09.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар, ийгилик!!!
30.09.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз Эли сыймыктанса болот силер менен азаматсынар жигиттер
30.09.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
данке шон
Медиа-портал
30.09.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsynar kyrgyzdyn potiriot talanttuulary biz siler menen syimyktanabyz!! soz jok tolka super super!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: