Ош шаарында Курман айт намазына 20 миңдей адам катышты
Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн Курман айт намазына 20 миңдей адам катышты. Муну 4-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, намазга келгендердин саны былтыркыга салыштырмалуу көп болду. Алардын катарында шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана башка бийлик өкүлдөрү болушту. Иш-чара тынч маанайда өтүп, келгендер үйлөрүнө тарап кетишти.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео
















Сунушуңуз түшүнүксүз болуп жатат. Купуя аркылуу түшүнүктүү кылып жазып жөнөтсөңүз.