Жеңил унаа Чоң Чүй каналына түшүп кетип, 2 адам каза тапты
Жеңил унаа Чоң Чүй каналына түшүп кетип, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 6-октябрь күнү саат 06:28 чамасында Сокулук районунун Тынчтык конушунда катталган. Анда Ауди 100 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Автоунаанын ичинде 5 адам болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 адамды окуяга күбө болгон адамдар куткарып калышкан. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, 1 адамдын жансыз денесин жана автоунааны суудан чыгарып беришкен. Ал эми 4 жашар кыздын жансыз денеси табыла элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















