Бишкекте Орусиянын Эл артисти, скрипач Владимир Иванов концерт берет
21-октябрда Бишкекте Орусиянын Эл артисти, скрипач Владимир Иванов концерт берет. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Владимир Иванов бир канча эл аралык сынактардын жеңүүчүсү. 1972-жылы Иоган Себастьян Бах атындагы сынагында биринчи сыйлыкка ээ болгон. 1974-жылы Катя Попова атындагы жана 1976-жылы Морис Равель атындагы фестивалдарда алтын медаль жеңип алган. 1990-жылдан бери Владимир Иванов Москва мамлекеттик академиялык филармониясынын солисти болуп эмгектенип келет, “Москвалык трионун” негиздөөчүсү. Ал дайыма чет өлкөгө гастролго чыгып, мастер-класс өткөрүп турат. Музыканттын репертуарында ар кыл жанрдагы чыгармалар бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















