Кыргызстанга Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун келери күтүлүүдө
Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко
Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко
20-октябрда Кыргызстанга Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун иш сапары менен келери күтүлүүдө. Муну бүгүн, 15-октябрда Украинанын фашисттик баскынчылардан бошотулгандыгынын 70 жылдыгына арналган көргөзмөсүнүн ачылышында Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько билдирди.
Айтымында, Матвиенко иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууларды өткөрөт. SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берип жатып элчи: “Жолугушууларда кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана анын келечеги талкууланат. Мындан тышкары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси каралмакчы”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















