Феруза Жамашева Кыргызстанда соттук коллегиянын курамын 5 судьяга чейин көбөйтүүгө каршы
Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева: “Кыргызстанда соттук коллегиянын курамын 5 судьяга чейин көбөйтүүгө зарылчылык жок”,- дейт. Муну төрайым 17-октябрда Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жыйынтыктоочу отурумунда билдирди. Анын айтымында, буга чейин 5 судьядан турган соттук коллегия иштеген, бирок мындан пайда болгон эмес. “2007-жылы ушундай көрүнүш орун алган. Соттук коллегиянын курамы 5 судьядан турса да, чечүүчү добуштар 3 судьяда болот. Эгер сотто жеңилген тарап судьяларды алмаштыруу талабы менен чыгышса, соттук систем үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн”,- деди Жамашева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















