Газ кризисине байланыштуу "Ош электр" ишканасына кошумча 100 миллион сом бөлүнөт
Өлкө түштүгүндө газдын жоктугуна байланыштуу "Ош электр" ишканасына кошумча 100 миллион сом, "Жалал-Абад электрге" 42,4 миллион сом бөлүнөт. Муну энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев 17-октябрда парламентте билдирди. Аймакка кышка чейин 6 көмөк чордон орнотуларын кошумчалады чиновник. Вице-премьер-министр Валерий Диль энергетика жаатында оор абал түзүлгөнүн, кышка кам көрүү уланып жатканын билдирди. "Кыргызстандын түштүк аймагындагы электр чордон жабдууларынын 50 пайызы жаңыртылып, электр кубатын берүү көлөмү көбөйтүлдү",- деди өкмөт мүчөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















