Жоомарт Оторбаев: "Токтогул Сатылганов - теңдеши жок акын"
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 17-октябрда Токтогул районунда улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Салтанаттын ачылышында өкмөт башчы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин акындын 150 жылдыгына арналган куттуктоосун окуп берди. Район тургундарын куттуктаган Оторбаев: "Көп кырдуу талант, улуу акын Токтогул Сатылгановдун ушул аймактан чыкканы баарыбызга маалым. Ал - теңдеши жок акын, айтыш искусствосунун чебери жана комузчу. Токтогул өзүнүн ырларында элдин эркиндиги менен көз карандысыздыгын ырдаган, эркинен ажыратылса да, карапайым жарандардын бактысы үчүн күрөшүүчү бойдон калган",- деп билдирди.
Салтанат концерттик программа, оюн-зооктор менен коштолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















