Бакай-Ата районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн баңгизат табылды
Талас облусунун
Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында баңгизатты мыйзамсыз сактоо фактысына шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул
тууралуу бүгүн, 21-октябрда Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Бакай-Ата райондук сотунун турак жайга тинтүү жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде шектүүнүн үйү тинтүүгө алынган. Натыйжада 1969-жылы туулган С.К. аттуу жарандын турак жайынан ак целлофанга оролгон, салмагы 40 грамм, өзгөчө жыты бар, кургатылган, жашыл түстөгү кара куурай алынган.
Учурда бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















