Көк-Суу жайлоосунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери натыйжа бере элек
Үстүбүздөгү жылдын
1-октябрында Көк-Суу жайлоосуна кетип дайынсыз болуп жаткан жарандарды издөө
иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-октябрь
күнү КРнын ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 8 куткаруучусу жана
дайынсыз жоголгон адамдардын туугандарынан 2 адам тартылып, издөө иштерин
жүргүзгөн. Куткаруучулар жана туугандары издөө иштерин токтотушуп, саат 18:30дар
чамасында туруктуу ордуларына кайтып келишти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Эске салсак, Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагындагы Түрк-Абад айылынын тургундары Мурзалим Сариков менен Арипжон Маматалиев 1-октябрында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосуна кой айдап чыгып кетишкен бойдон дайынсыз. Ошондон бери издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















