Өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Бишкектеги Алматы көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде автоунаа толугу менен күйүп кетти
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча кечээ, 23-октябрда саат 08:30дан бүгүн саат 08:30га чейин республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды.
Бишкектин Алматы көчөсү, 468 дарегинде К.Байбатов аттуу жарандын Ауди-С4 үлгүсүндөгү автоунаасы толугу менен күйүп кетти. Өрт электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыкканы маалым болду.
Ошондой эле Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылынын Осмонов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 4 тонна чөп күйүп кеткен. Учурда себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















