Орусия футбол боюнча 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун эмблемасын расмий түрдө тааныштырды
Кечээ, 28-октябрда 2018-жылы Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун уюштуруу комитети мелдештин эмблемасы менен тааныштырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эфирден көрсөтүлгөн тааныштыруу иш-чарасынын жүрүшүндө эмблеманы космоско чыгып да көрсөтүштү. Бул саамалыкка ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер, башкы катчы Жером Вальке, Орусиянын спорт министри Виталий Мутко жана экс-футболчу Фабио Канноваро катышты.
"Эмблеманын үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан шар дүйнө эли футболду сүйөрүн айтып турат" деп кошумчалашты уюштуруучулар.
Айта кетсек, тандап алуу турларына чүчү кулак 2015-жылдын 25-июлунда ташталат. Биринчилик болсо 2018-жылы Орусиянын 11 шаарында өтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















