Ош. Сириядагы согушка мектеп окуучуларын чакыруу жана аларды үгүттөө аракеттери боюнча чара көрүлдү
Ош шаарындагы мектептердин биринде 9-класста окуган 3 окуучунун Сириядагы окуяларга катышууга чакырылганы боюнча факт аныкталды. Мектеп окуучуларын алардын мурдагы Хасанбай аттуу классташы социалдык тармактардагы түйүн аркылуу Сирияга кетүүгө үгүттөп келген. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
“Хасанбай 3 классташына Сирияда тартылган видео жана фотоматериалдарды байма-бай жөнөтүп турган. Ошондой эле ал жиберилген материалдарды өз классташтарына таркатууну буюрган”,- дейт З.Сыдыков.
29-октябрда 3 бала ата-энелери жана мектеп жетекчилиги менен Ички иштер башкармалыгына чакырылып, иликтөө иштери жүргөн. Түшүндүрүү иштеринен кийин балдар үйлөрүнө коё берилген.
Маалым болгондой, Хасанбай аттуу бала 1999-жылы туулган жана азыркы учурда кайсы өлкөдө экени белгисиз. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери кызуу жүрүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Башкалардын улутун, динин ж.б. нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Коомдук этиканы сактаңыз. Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.