Аламүдүн районунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери изделүүдө
Аламүдүн районунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда аталган райондун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, изделип жаткан жаран 1964-жылы туулган Мутевали Ибраимов. Ал 23-октябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ошол күнү кара күрмө, кара шым, ак свитер кийип жүргөн. Көрүп-билгендер (0312) 36-35-27, (0550) 64-17-50 номурларына кайрылышса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















