super.kg logo

"Тамашоу" Лигасынын жарым чейрек финалында "Даңазалуу кылым" сериалы, саясат көп тамашаларда камтылды

 
Шайлоо алдында убада берип жаткан депутатты нан урганы келе жатат...
"Даңазалуу кылым" телесериалындагы Сулейман Сүмбүлдү кабыл алып, гаремдеги ызы-чуулардын себебин аныктап жаткан кези...
Көрүүчүлөргө коомдогу окуялардын тамаша иретинде көрсөтүлүшү жагымдуу маанай тартуулады.
"Даңазалуу кылым" телесериалындагы Сулейман Сүмбүл жана "НКБнын" оюнчулары өкүмдар менен учурашуунун жаңы варианттарын сунушташты.
"Элестеттин" жалгыз кызы орус улутундагы жигитке турмушка чыгып жатат. Аларды казак жигит тааныштырды (Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуп жатканы).
"Журтеспублика" партиясына бакыт тилеген карыя...
"ОШолордон" салттык түрдө бий.
"Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев командалардын тамашаларына өзү да катышып турду.
"Биатлон" сынагында "ОШолор" командасы бир упайга ээ болду.
Калыстар тобу "Биатлон" сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктап жатат.
Бишкектеги супермаркетте сатуучу менен күзөт кызматындагы жигит түнү мушташып жатышат.
"Ичип алган ит" тамашасы менен "Жалал-Абад" курама командасы.
"Олимпик" командасы "Тай-тайлап баскан бала" тамашасы менен...
Бийчи Атай Өмүрзаковдун апасы кош бойлуу кезинде бийлеп жатат...
"Арабаев" командасы "Ала-Тоо" аянтындагы көрүнүштү сүрөттөп берди.
"Анара эмес" командасы "кыргыз кыздары элди башкарган, мисалы, Курманжан датка, Роза Отунбаева, Майрам Акаева. "Тамашоудо" да кыздар башкарышы керек" деп таламын талашып жатышат.
Сулеймандын колун өөп учурашпай, заманбап стилде учурашууну үйрөтүп жатышкан чак.
"НКБ" курама командасы: - "Даңазалуу кылым" сериалы бүгүн да түшүнүксүз бүтөт.
"Айым style" курамасы саясий ыры менен.
"Элестет" курама командасы күйөө баланы (Орусия) "Кара жорго" бийлетишти.
Эки жеңе айтышы...
Аскердеги кыздар эртең менен туруп боёнгуча кайра отбой болот...
Бүгүн, 14-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун жарым чейрек финалы орун алды. Аны долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев ачып, командаларга ийгилик каалады. 
Бул күнү “Brooklyn”, "Позитифф”, “Ассорти”, “Элестет”, “Олимпик”, “ОШолор”, “НКБ”, “National”, “Арабаев”, "Жалал-Абад", "Кыялкечтер", "Айым style", “IUK” күч сынашса, кыска форматта “Weekend”, "Cosmos", "3 тамга", "МК шоу”, "Ак бата" командалары өз өнөрлөрүн тартуулашты. 
Алардын өнөрүн эстрада ырчысы Максат Бегалиев, SUPER.KG порталынын шеф-редактору Гүлзат Мамытканова, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошов жана футболчу Азамат Байматов, стилист Замира Молдошева, "тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу электен өткөрүштү.
"Биатлон" сынагында командалар куйкум тамашаларды тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
"Ассорти" командасы: - Сырткы сулуулук маанилүү эмес, ички дүйнөнүн сулуулугу маанилүү деген Айнура косметиканы жеп салды.
"Элестет" командасы: - Диетадагы МАИчи кечки саат 6дан кийин машиналарды токтотпойт.
"ОШолор" командасы: - Бойдок жигиттин түшүнө жылан, арстандар кирет. Ал эми үйлөнгөн жигиттин түшүнө жылан кирбейт, жанында жатат.
"Позитифф" командасы: 
- "Шоронун" максымын саткан эжелер суук түшкөндө жылуу жакка учуп кетишет экен.
- Алмазбек Атамбаев Орусиядан келгенде депутаттар "Ата, ресурс ала келдиңизби?" деп сурашат. 
"Фристайл" сынагында ар бир команда өзгөчөлөнө алды. Жарым чейрек финалдык оюн да саясий окуялар аралашкан тамашаларга бай болду. Бажы биримдигине кирер алдында турган Кыргызстандын абалын, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жана саясий партиялардын биригишин бүгүн көрүүчүлөр ары күлкүлүү форматта көрө алышты.
"Позитифф" командасынын оюнчусу депутаттыкка шайлануу үчүн үгүт иштери менен жүргөн талапкердин иш-аракетин көрсөттү. Интервью берип жатып "Шайласаңар жолдорду оңдойм, нан урсун!" десе, нан келип бетке чаап кетет. "Чын эле элдин жашоосун жакшыртам, өлүп кетейин" десе артынан жан алгыч келет.
Ал эми "Элестеттин" жалгыз кызы (Кыргызстан) орус улутундагы жигитке  (Орусия) турмушка чыгат. Тойдо, албетте, "Кара жорго" бийи бийленди. Аларды ортомчу (Казакстан) жигит тааныштырып, өлкөнүн Бажы биримдигине кирип жатканы көрсөтүлдү. 
Ошол эле команда "Фристайл" сынагында "Журтеспублика" партиясын түзүштү. Саясий партияларды турмуш жолуна узатып жатып жеңеси "Ата Журт", сен аттарды мингенге даярсыңбы? "Республика", сен дарбазадан секирүүгө даярсыңбы?" десе, күбө аксакал "Анда урушпай, митинг чыгарбай бактылуу болгула" деп батасын берди.
"НКБ" курама командасы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган "Даңазалуу кылым" сериалынан көрүнүштү тартуулашты. Сулейман Ибрагим пашаны чакырганда орус улутундагы Паша Чернышовдун кирип келгени, Сүмбүл, Хүрремдин образдарын жараткан оюнчулар жагымдуу маанай тартуулай алышты.
"Олимпик" командасынын "Братаналогия сабагы", "Айым style" командасынын кыздардын сырын ачканы, "Арабаев" командасынын "Ала-Тоо" аянтындагы көрүнүштү көрсөткөнү жана "ОШолордун" музыкалык тамашалары көпчүлүктүн эсинде калды.
Жыйынтыгында 3-орунду "Олимпик" командасы, 2-орунду "Элестет" жана "Ассорти" командалары, 1-орунду "ОШолор" командасы ээледи. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
14.11.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодецтер Ош Алга
14.11.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеосу жокпу?
14.11.2014. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдар балдар Ош
15.11.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алга ОШолор азаматтсынарда силер оштуктар!
15.11.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеосун качан коро алабыз?
15.11.2014. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар!!!
15.11.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматтар! Мурат менен Кадырдын чыныгы шакирттери экенинерди далилдепсинер. Алга ОШолор!
15.11.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ош эле эмес баары жакшы болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: