super.kg logo

"Turkvizyon" Эл аралык сынагында казакстандык Жанар Дугалова жеңүүчү аталды

 

Казань шаарында 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү "Turkvizyon-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын финалы өттү. Анда буга чейин айтылган 12 эмес, 15 катышуучу жеңиш үчүн ат салышты.

Татарстан Республикасынын Казань шаарындагы "Татнефть-Арена" сахнасында ырчылардын чыгармачылыгын 24 мамлекеттен келген калыстар тобу сындан өткөрүштү.
Катышуучулар сахнага чыгар алдында китепке болгон сүйүүсү тууралуу видеотүрмөктү көрсөтүп жатышты. Айрымдары сүрөт альбомун көрсөтүшсө, кээ бири обон жаратуучу дептерин, ашкана сырлары тууралуу китептер жөнүндө айтып жатышты.
Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Non-Stop" дуэти "Манас" эпосу тууралуу айтып, анын "Гиннесстин рекорддор китебине" киргендигин баса белгилешти. Албетте, түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү, дээрлик бардык катышуучулар өз тилинде сүйлөп, мекенине салам жолдогон соң гана сахнага чыгып жатышты. "Non-Stop" дуэти алып баруучуга кыргыздын улуттук баш кийимин белекке бергени сүйүндүргөнү менен, орус тилинде сүйлөшкөнү өкүнүчтүү көрүнүш болду.
Финалдын жыйынтыгында 15 катышуучунун ичинен Казакстандын намысын коргогон ырчы Жанар Дугалова 1-орунду ээлесе, кыргызстандык "Non-Stop" дуэти 4-орунду ээледи.
1. Казакстан - 225 упай
2. Татарстан - 201 упай
3. Башкортостан - 199 упай
4. Кыргызстан - 196 упай
5. Москва - 170 упай
"Евровидение" популярдуу ырлар сынагынын аналогу катары саналган "Turkvizyon" Эл аралык сынагында жеңүүчүнү көрүүчүлөрдүн добушу эмес, калыстар тобу берген баалар аныктайт. Ошондой эле кийинки сынак жеңген ырчынын мекенинде эмес, "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечиминин негизинде кайсы өлкө түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталса, ошол мамлекетте "Turkvizyon" Эл аралык сынагы өтөт. Бул жолу сынактын эстафетасын Түркмөнстан мамлекети өткөрүп алды. Түркмөнстандын Мары шаары "2015-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп белгиленгендиктен, түрк тилдүү өлкөлөрдөгү популярдуу ырлар сынагы аталган шаарда өтөт.





TURKVIZYON-2014: "Non Stop" - Кыргызстан Финал (21.11.14)

Turkvision-2014: 1-орунга Казакстан чыкты!

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(45)
22.11.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коруп отурабыз,Супер инфо.Казахстандын кызы кучтуу болду,соз жок.
22.11.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким утса жеңүүчүнүн өлкөсүндө болбойбу?
22.11.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Огооо казак туугандар 5жыл мактанышат еми.
22.11.2014. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казак кыз чынында эле жакшы ырдайт экен куттуктайбыз! Нон стоп деле жаман эмес аракети кучтуу
22.11.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Нон стоп тобу булар жандуу ун менен ырдай алышпайт Кыргызстанда булардан башка таланттуу ырчы жокпу
22.11.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Нон стоп эн сонун ырдаптыр
22.11.2014. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы аз да болсо
22.11.2014. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматтар эң жакшы. Бирок орусча сүйлөгөндөрү жакшы болбоптур. Эгер өз тилинде сүйлөгөнгө уруксат
22.11.2014. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu admin toluk versasyn kaidan korsok bolot
22.11.2014. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bawkalardyn baary oz tilinde suilop atywsa,ozgo4olonup orus4a suilowot da...
22.11.2014. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mir_aida, созунузго кошулам.Бирок Чолпон азамат сулуулугу,откурлугу менен айырмаланып турду!
22.11.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле Казакстандык Жанар Дугалова татыктуу экен. Озгочо образ дагы ыр дагы топ келишкен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: