Бүгүн эртең менен өлкөнүн түштүгүндө күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бүгүн, 26-ноябрь күнү саат 09:32 чамасында Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, зилзаланын күчү эпицентринде 2,5 баллга жеткен. Анын очогу Кара-Суу айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышты, Ош шаарынан 25 чакырым түштүк-батышты, Куршаб айылынан 15 чакырым түштүк-батышты, Өзгөн шаарынан 25 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















