super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы энергетикалык көйгөйдү чечүүнүн эки жолу табылганын билдирди

 

Кыргызстандагы энергетикалык көйгөйдү чечүүнүн эки жолу табылды, муну 1,5 жылдын ичинде "Газпром" ишканасы аягына чыгарат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда телеканалдардын бириндеги маегинде билдирди. Өлкө башчы энергетикалык кризисти чечүү үстүндө акыркы айларда катуу иштер жүрүп жатканын айтты. 

"Энергетикалык көйгөйдү чечүү үчүн Кызыл-Кыяда атайын завод куруп, көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү пландалууда. Бул боюнча инвестор да табылды, декабрдын ортосунда Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен инвестордун ортосунда келишимге кол коюлат. Кризисти чечүүнүн экинчи жолу: "Баткен нефтегаз" аймактан газ резервин тапты. Көп деле эмес, бирок өлкө түштүгүн 5-10 жыл газ менен камсыз кылууга жетет экен. Бул боюнча "Газпромго" кайрылдык. Завод 1,5 жылда курулуп бүтөт жана аймакта өндүрүлгөн газды Ошко, Жалал-Абадга жеткирүүгө 300 миллион доллар кетет экен. Кыргызда "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" деген сөз бар. Аталган эки жолду бирдей алып кетели деп турабыз",- деди мамлекет башчы.

Алмазбек Атамбаев түндүктөн түштүккө газ түтүгүн тартуу планы токтотулганын кошумчалады. Президенттин айтымында, аталган долбоорго кетчү 1,5 миллиард доллар башка иштерге, тагыраак айтканда, газ корун табуу иштерине жумшалмакчы. 






КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин маеги 01.12.14

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: