Алмазбек Атамбаев: "Кыргыздар өзбек же тажик элиндей эмес, биздин элди тыюу салуу менен көндүрүү кыйын"
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев той-аштардагы ашыкча чыгымдарды токтотуу үчүн мамлекеттин тыюу салуу демилгесин колдобойт. Муну өлкө жетекчиси маалымат булактарына 1-декабрда берген маегинде билдирди. "Кыргыздар тажик же өзбек элиндей эмес. Той-аштардын чыгымдарына Тажикстандагыдай чектөө киргизүү, тыюу салуу менен биздин элди көндүрүүгө болбойт. Бир гана жолу бар: түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө массалык маалымат каражаттарынан жакшы эч нерсе жок",- деди Алмазбек Атамбаев.
Автор: Автандил Добулбеков
Маалыматтарга таянсак, Кыргызстан орто эсеп менен той-ашка жылына 2 миллиард доллар коротот. Калкынын 38 пайызы жакыр жашаган мамлекет үчүн бул жакшы көрүнүш эмес.
КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин маеги 01.12.14
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

Рейтинг:
1

