Бишкектеги кароосуз калган 25 бала Биринчи Май РИИБине жеткирилди
Бишкектеги кароосуз калган 25 бала Биринчи Май РИИБине жеткирилди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 1-февралда Биринчи Май райондук администрациясы жашы жете элек балдарды жумушка алуу жана ата-энесинин көзөмөлүндө эмес көчөлөп жүргөн балдар боюнча рейд жүргүзгөн. Анда борбордогу унаа жуучу жайлар жана интернет клубдары текшерүүгө алынган. Маалым болгондой, РИИБге жеткирилген 25 баланын 7си ата-энесине тапшырылып, калган балдардын аты-жөнү такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















