Жаңы түзүлгөн Бишкек шаардык оор атлетика федерациясынын президенти болуп Нурбек Тотонов шайланды
6-декабрда КРнын Оор атлетика федерациясынын кезектеги отуруму болуп, жаңы түзүлгөн Бишкек шаардык оор атлетика федерациясынын президенти расмий түрдө бекитилди. Бул иш-чарага Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаров, Шаардык спорт комитетинин директору Шейшенкул Бакиров, КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенттери Өмүржан Молдодосов, Улан Молдодосов жана башка бир катар машыктыруучулар, федерациялардын кызматкерлери катышышты. Жыйынтыгында Шаардык оор атлетика федерациясынын президенттигине талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Нурбек Тотоновду чогулгандар бир ооздон колдошту.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Андан соң ага ак калпак кийгизилип, чепкен жабылып, куттуктоолор айтылды, "Токтогул-150" коомдук фонду тарабынан залкар акындын 150 жылдык мааракелик медалы тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















