Белгилүү франциялык футболчу Тьерри Анри карьерасын жыйынтыктады
Белгилүү франциялык футболчу Тьерри Анри карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футболчу 2015-жылдын январь айынан тарта ири телеканалдардын биринде журналисттик кызматты аркаламакчы. 37 жаштагы Анринин акыркы клубу америкалык “Нью-Йорк Ред Буллз” командасы болду.
Кошумчалай кетсек, Т.Анри Франция курамасы менен 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Европа чемпиондугун утуп алган. Ал 1999-жылдан 2007-жылга чейин лондондук "Арсенал" клубунун курамында болуп, 228 гол киргизген. Ошондой эле 2 ирет Англия Премьер-лигасын утуп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
ryzhak
16.12.2014. 14:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххх. Арсеналга кайра келет экен десе:-(
uikuchu7
16.12.2014. 14:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуттук курамага ойноп, анан карьерасын токтотсо жакшы болмок да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















