super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун тийиштүү комитет 2-окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 16-декабрдагы отурумунда оң рулдуу автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоору 2-окууда каралды. 

Демилгечилер мындай чектөө өлкөдөгү жол коопсуздугун алдын ала камсыз кылуу үчүн киргизилип жатканын айтышты. Депутат Нарынбек Молдобаев оң рулдуу унааларды 6-7 жыл мурун эле өлкөгө киргизбей коюу туура болмок экенин айтат. "Мен 7 жылдан бери оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө каршы болуп келем. Эчак эле тыюу салыш керек болчу. Мунун айынан канчалаган адамдар өлүп кетишти?"- дейт депутат.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү демилгени 2-окууда жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: