Ош шаарындагы мектептерде жазуучу Зуура Сооронбаеванын 90 жылдыгы белгиленет
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептерде 25-декабрга чейин КРнын Эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын 90 жылдыгына карата мааракелик салтанаттар белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда жазуучунун чыгармачылыгы боюнча окуучулар тарабынан даярдалган кечелер уюштурулуп, дубал гезиттер чыгарылат. Иш-чара 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата, "КРнын Ош шаарынын статусу" жөнүндө мыйзамынын 8, 18, 20-беренелерин эске алып, Ош шаардык мэриясынын 2014-жылдын 16-декабрындагы №265-токтомунун негизинде Билим берүү башкармалыгынын чыгарган буйругуна таянуу менен өткөрүлөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















