Вице-премьер-министр Камила Талиеванын өлкөнүн түштүк аймагына болгон 3 күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 5-февралда вице-премьер-министр Камила Талиеванын өлкөнүн түштүк аймагына болгон үч күндүк иш сапары башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Иш сапары учурунда Талиева Баткен жана Ош облустарында болуп, 5-февралда боло турган Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жыйынына катышат. 6-февралда вице-премьер-министр Кадамжай шаарындагы курулушу бүтө элек райондук оорукананын имаратынын абалы менен таанышат. Ошондой эле Ош облусунда ишкер аялдар менен жолугуп, Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жыйынына да катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















