super.kg logo

Бишкекте сойкукананы мыйзамсыз текшерип, тартылган видеолорду тараткан активисттерге кылмыш иши козголду

 
Кечээ, 28-декабрда Бишкек шаарынын "Таатан" соода борборунун жанында жайгашкан сойкукананы өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, видеого тартып, коомчулукка жарыялаган "Кыргыз чоролору" коомдук уюмунун мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз текшерүүгө катыштыгы барларга чара көрүлөт. Ошондой эле кытайлыктардан түшкөн арыздардын негизинде 3 адамга тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Арызда активисттер кирип келген соң баалуу буюмдардын жоголгону айтылган. Негизи, мыйзамдуу түрдө жүргүзүлгөн текшерүүлөр милициянын катышуусунда болушу керек. 
Ал эми "рейд" жүргүзгөн уюмдун жетекчилеринин бири Замирбек Көчөрбаевдин айтымында, алар улутчулдук максатты көздөбөйт. "Биз кытай улутундагы жарандарды карактоого ниеттенген жокпуз. Бизге аталган соода борборунун айланасында жайгашкан үйлөрдүн тургундары тарабынан арыз түшкөн. 1 ай бою аңдып жүрүп, кечээ, 28-декабрда рейд жүргүзгөнбүз. Жалпысынан 20дан ашуун кыз жана ушунча кытай улутундагы эркек кармалган. Эркектердин көбү 60 курактан жогору экен. Ал эми жыныстык кызмат көрсөткөн кыздардын бири 16 жашка чыга элек экен",- деди активист.
Айта кетсек, буга чейин 15-сентябрда "Кыргыз чоролору" уюму Токмок шаарындагы кытайлык мунайды кайра иштетүүчү ишкананын алдында митинг өткөрүшкөн. Андан тышкары 30-октябрда Талас облусундагы "Шыраалжын" тоо кенин чалгындоого каршы акция да уюштурушкан.





Сойкукана. Рейд. "Таатан" соода борбору

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(86)
29.12.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сойку каналарды мыйзамдуу түрдө да текшериш керек....Антпесе заманыбыз бузулуп баратат туугандар!!!
29.12.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кыйратыпсынар кайра ошол кыздарды камабай алардын бетин ачкан активистерди камап бул не деген ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 30.12.2014 12:21
30.12.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sherkul,Алардын бул мыйзамсыз ишине атайын чара да көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти. Деп жатпайбы.
30.12.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sherkul, этика нормаларын сактаңыз!
Сын-пикирлериңизди info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүңүз!
29.12.2014. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мыйзам кайда бар экен,кайда ошол мыйзамынар, коргозгулочу, ошол милицияларын озулору отметка кылып,коргоп, кайтарып жатышсабы. Кулкуну келтиришет, азыр милициян сойкуларды коргойт кайра ит кылып. Кыргыз чоролору туура кылышат, ушуларды коргоо, колдоо керек болчу!!!
29.12.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бишкекте толтура сойкукана, алардын баарын эл коруп, милициялар корбой калышыптырбы. Кана чара коргондору закон коргоочулардын,а милициялар корушсо да кормоксон, эмнеге мындай, тушунуктуу да, чынбы, зээнин кейийт.
29.12.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Патриоттор барсынарбы Жаман нерсени токтотуп жатса кайра тескерисинче кылмыш иш козгоп. Ким кытайларды коргосо ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 30.12.2014 10:16
30.12.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asad9, провокацияга жол жок! Эскертүү!
30.12.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Карга карганын .... деп ушуну айт! Бул сойкулардын крышасы албетте ошол менттер да. Намысын саткандарды жок кылуунун ордуна кайра коргогонун кара!
30.12.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кытайлардын акчасын жеп алыштыда, активистер туура кылышыптыр,балуу буюмдары жоголгону жалган,сойкуларды менттер жоготпой эле кобойтуп жатышат,активистерге окшоп коомчулук мн бирге жок кылганыбыз жакшы,
30.12.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
16 жаш дейби? кудай сакта
Модератор admin_superstan түзөттү 30.12.2014 12:23
30.12.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marat_1910, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
30.12.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне учун активисттерге? Балык башынан сасыйт деген ушу да демек шерменделердин "крышасы" кучтуу экен. Ушинтип журсок онолмок белек кыздарыбызды корунгон кытай туркторго сатып байыган" чондорубуз" бир куну элди-жерди сатпайт деп ким кепил боло алат? Активисттерге Алла куч-кубат берсин калгандарыбыз аларды кубаттап арка-бел болсок мумкун жыйынтык чыгаар деле?!!!!
30.12.2014. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Опа мне дейт сойкуларды коргой баштаганбы кытайларга интимдик кызмат кыла беришсин дегениби, Мен Улутун намысы учун активистерди колдодум..азаматсынар туура эле кылгансынар милиция кылаалбаган жумуш кылыпсынар.
30.12.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ХХХ ХХХ керек баары устунон акча жеп жургон ХХХ булар
Модератор admin_superstan түзөттү 30.12.2014 12:23
30.12.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
erlandyky, провокацияга, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 2 күн БАН!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: